Улукбек Марипов Кочкор районунун тургундары менен жолугушту
RU

Улукбек Марипов Кочкор районунун тургундары менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик каражаттардын тартыштыгына карабастан, бардык күч-аракетти курулушу аяктабаган мектептердин курулушун жыйынтыктоого багыттайт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышууда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

Билдирүүгө ылайык, өкмөт башчы Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуп, анда сугат суу, ирригациялык объектилердин эскилиги, курулушу жыйынтыкталбаган мектептер, азык-түлүккө баалардын жогорулашы жана социалдык жөлөкпулдарды төлөп берүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Туз айылындагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Долбоордун тендердик наркы 58,3 млн сомду түзөт, ал эми объектидеги курулуш иштери 70 %га жыйынтыкталган.

"Аталган мектепти жыйынтыктоого бюджеттен тийиштүү финансы каражаты бөлүнөт. Жаңы окуу жылында балдар билим алууга бардык шарты каралган мектепке барышат. Тилекке каршы, республика боюнча каражаттын жоктугуна байланыштуу курулушу токтоп турган мектептер бар. Түзүлгөн кырдаалга крабастан, Өкмөт курулушу 60-70% ашуун бүткөрүлгөн окуу жайларын жыйынтыктоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы үч жылдын ичинде бул иштер жыйынтыкталышы тийиш", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр район акимдеринин инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү, ишенилген аймактардын экономикалык жагымдуулугун камсыздоо, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесиндеги натыйжалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Эгер акимдер калктын көйгөйлүү маселелерин тийиштүү деңгээлде чече албай жатса, анда алар топтолгон маселелерди чечүү үчүн мотивациясы, ниети жана билими жетиштүү жактар үчүн ордун бошотуусу керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://social.kaktus.media/1042