Дмитрий Бивол Министрлер кабинети жана Жогорку Кеңеш тарабынан сыйланды
1766
Бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 27-февралда Бишкектеги Спорт ордосунда бокс боюнча эл аралык турнирде Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, спорт жаатындагы жетишкендиктери үчүн Дмитрий Биволго грамота тапшырды.
"Спорт адамдын ден соолугун чыңдап, физикалык жактан чың кылып гана тим болбостон, акыл-эсин, интеллектуалдык жөндөмүн да өнүктүрөт. Спорт - бул жашоо. Жашоо бул кыймыл. Мындай мелдештер кийинки чемпиондорубуз үчүн чоң түрткү болот. Бул көптөгөн таланттуу жигиттерге бокста өзүн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - дейт Акылбек Жапаров.Иш-чарага ардактуу конок катары Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча учурдагы дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Бивол катышты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/10549