Кыргызстандык боксчулар Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште 23 медаль жеңди
1754
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спорттук иш-чара 21-25-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Белорусь жана Түштүк Кореянын спортчулары катышты.
Боксчулар 48, 51, 54, 57, 60, 63,5. 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг салмак категорияларында күч сынашты.
Жалпы эсеп боюнча Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы 23 медаль (6 алтын, 7 күмүш, 10 коло) жеңди.
Алтын медаль алгандар:
- 54 кг - Санжар Сейдакматов;
- 57 кг - Ислам Төрөбаев;
- 63,5 кг - Жантөрө Ташиев;
- 71 кг - Элдар Турдубаев;
- 75 кг - Данияр Дамир уулу;
- 86 кг - Эркин Адылбек уулу.
Күмүш медаль алгандар:
- 48 кг - Анваржан Ходжаев;
- 67 кг - Жакшылык Таалайбеков;
- 71 кг - Нурадин Рустамбек уулу;
- 75 кг - Даниел Абдрахманов;
- 80 кг - Өмүрбек Бекжигит уулу;
- 92 кг - Бакыт Токтосун уулу;
- +92 кг - Оомантбек Элчоро уулу
Коло медаль алгандар:
- 48 кг - Жеңиш Улпатов;
- 63,5 кг - Иктияр Нишанов;
- 67 кг - Элзат Саттаркулов;
- 75 кг - Султан Асанкул уулу жана Сагын Сатыбалды уулу;
- 80 кг - Азамат Усенов;
- 86 кг - Данияр Орозбеков;
- 92 кг - Бакыт Токтосун уулу;
- +92 кг - Сапарбек Саипов жана Адлен Абидин уулу.
Белгилей кетсек, эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң долларды түзгөн.
- 1-орун 1400 $;
- 2-орун 700 $;
- 3-орун 500 $;
- 3-орун 500 $.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/11158