Садыр Жапаров июль айында Индияга барат
1985
Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Индияга барат. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ШКУга мүчө-мамлекеттердин жыйынынын алкагында сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.
Министрлер президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 3-4-июлунда Дели шаарында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Индияга боло турган иш сапарына даярдыкка өзгөчө көңүл бурганы айтылат маалыматта.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: президенттин администрациясы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/12081