Экономика министрлигинде жаңы департамент пайда болду. Ал эмне милдет аткарат?
1797
Шатманов Самат Бектурович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Экономика жана коммерция министринин орун басары – ошол министрликтин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп дайындалды. Мурда департамент Маданият министрлигинин карамагында болгон. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Самат Шатманов 2020-жылдын декабрынан бери маданият, маалымат министринин орун басары – Туризм департаментинин директору болуп иштеп келген. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана финансы институтун бүтүргөн.
Тажрыйбасы:
- 2008-2009-жылдары "Альфа Телеком" ЖАКтын кардарларды колдоо боюнча адиси;
- 2009-2010-жылдары мамлекеттик телеканалдарда жарнама боюнча менеджери;
- 2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун башкы адиси;
- 2011-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун башкы директорунун орун басары;
- 2014-2014-жылдары Бишкек шаарындагы социалдык стационардык мекеменин директорунун орун басары, "Аксы мекенчил жаштары" коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы;
- 2014-жылы Бишкек шаарындагы социалдык оорукананын директорунун милдетин аткаруучу;
- 2017-жылы - NEW TV (ОсОО "2-канал") башкы директорунун биринчи орун басары;
- 2018-2019-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын чечимдерди кабыл алуу бөлүмүнүн эксперти, ЖК аппаратынын Илимий-изилдөө борборунун катчысынын жардамчысы;
- 2019-2020-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин жардамчысы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/12555