Ошто дааратканага эки аял түшүп кетти
1681
Ош облусунун Кара-Суу районунда эки аял ажатканага түшүп кетти. Алар куткаруучулар тарабынан чыгарылганын ӨКМдан кабарлашты.
Маалым болгондой, 3-июнда Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы Маданият айылында эки аял киши ажатканага түшүп кеткен. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабырлануучулар аман-эсен экени белгилүү болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/12759