Аида Касымалиева кызы менен БУУнун трибунасында. Сүрөт
2158
БУУнун жаңылыктар кызматы өзүнүн расмий Twitter баракчасына Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен анын кызынын сүрөтүн жарыялады. Сүрөт 24-июнда белгиленүүчү дипломат аялдардын эл аралык күнүнө карата тартылган.
Ошол эле учурда БУУнун маалымат кызматы Касымалиеванын саясий ишмердүүлүгү тууралуу бардык терс пикирлерди жашырып койгон.
Эске салсак, Касымалиева 2021-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына дайындалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/13084