Филармониянын тегерегиндеги газондон курал табылды
1590
Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын айланасындагы чөптөн тапанча табылды. Куралды "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын жумушчусу таап алган дешет ИИМдин маалымат кызматынан.
Бүгүн, 5-июлда болжол менен саат 09:54 чамасында "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын Алмаз Акбаралиев аттуу жумушчусу филармониянын түштүк аймагындагы чөптөрдү кыркып жатып тапанчага окшош ок атуучу курал таап алган. Ал ИИМдин Күзөт кызматына кабар берген.
Окуя болгон жерге ведомстволук милиция полкунун кармоо тобу барып, тапанчаны Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/13251