Бишкектеги кафенин кошумча курулушу буздурулууда. Вице-мэр Орунтаев жеринде жүрөт
1605
Социалдык тармакка Бишкектин Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча видео жарыяланган. Бишкек мэриясы тоскоолдук жараткан объектилер бузуларын маалымдады.
Видео жарыялангандан кийин жерине мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Биринчи Май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү барышкан.Натыйжада Горький көчөсүндө жайгашкан "Халил Ибрагим" кафесинин кошумча курулушун бузуу иштери башталды.
Андан тышкары ушул эле көчөдө мыйзамсыз курулган объектилер 3 объект демонтаждалууда.
Буга чейин администрация тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/14166