Муфтият садака-фитирдин өлчөмүн бекитти
9198
Быйыл Рамазан айы 11-мартта башталат. Муфтият өлкө боюнча 2024-жылга карата садака-фитирдин өлчөмүн бекитти.
Садака-фитир берүү кимдер парз?
- Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү берилет. Тагыраак айтканда 2.5% берилет.
Зекеттин өлчөмү
- Алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм алтындын орточо баасы 3400 сомду түзөт. Жыйынтыгында: 85 грамм алтын 3400 сомдон эсептелгенде 289 миң сом болот, ушул зекеттин өлчөмү, анын кырктан бири 7225 сом зекет катары чыгарылат.
Малдын зекети
- Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.
- Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 койго же 40 эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой же 1 эчки зекет катары берилет.
- Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 болсо, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой зекетке берилет. 10 төөгө жетип калса 2 кой жана башка.
- Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде 1 ургаачысы бар жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.
- Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.
Үшүр же жерден алынган түшүмдөн зекет берүү
- Үшүр (же үшүрдүн жарымы) жерден өндүрүлгөн дандан, мөмө жана жер жемиштерден, маданий жана атайын максатта өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн берилет.
- Жогорудагы аталгандардын өлчөмү белгиленген эмес. Аз-көбүнө карабастан алынган түшүмдөн берилет. Ошондой эле аталган өсүмдүктөрдүн узак мөөнөткө сактоого жарактулуугу да эске алынбайт.
- Үшүр маселесинде убакыт чектелбейт. Түшүм канча ирет алынгандыгына жараша берилет.
- Түшүм берчү жер кайрак болсо же сугарма болуп дарыя-каналдан табигый агып келген суу менен сугарылган учурда түшүмдүн ондон бири (10/1) берилет. Ал эми кол эмгеги менен чакалап ташылып, же атайын жабдыктардын көмөгү менен суу тартылып келинген убакта же суу сатылып алынган учурда түшүмдүн жыйырмадан бири (20/1) берилет.
- Жерден алынган түшүмдүн үшүрү кеткен чыгымдар чыгарылбастан берилет.
- Балдын үшүрү ондон бир (10/1) бөлүк болуп саналат.
Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.
Муфтият баалардын туруксуздугуна байланыштуу садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруу керектигин эскертет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/15685