Бишкектеги тигүү цехинде чет элдик студенттер мыйзамсыз иштеп жүргөн
1783
УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам иш-чаралары жүрүүдө. Анын алкагында өлкө аймагында чет элдик студенттер мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталды.
Комитеттин маалыматы боюнча, 15-майда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны аныкталды. Алардын визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.Тартип бузгандарды тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлдү.
УКМК менен Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү иликтөө иш-чараларды улантууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/16166