Бишкекте айдоочуларга өрт өчүрүүчү каражаттар таратылды
1047
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында унаалар токтотулуп, айдоочуларга өрт өчүрүүчү каражаттар берилди. Бул туурасында ӨКМдан билдиришти.
Унаа ээлери үчүн маанилүү жана жагымдуу болгон иш-чара "Jubilee Kyrgyzstan" камсыздандыруу компаниясынын демилгеси жана колдоосу менен Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы жана ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын уюштуруусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында ӨКМдин адистери унаадагы өрт коопсуздук эрежелерин, ал эми Кайгуул кызматынын кызматкерлери жол коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, нускамаларды таратышты.Аталган иш-чара 15-июнь - Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/16372