2025-жылы ажылыкка барууну пландагандар үчүн медициналык шарттар жана көрсөтмөлөр
2835
                                    
                                    
                                                                     Сауд Араб Падышалыгы 2025-жылы ажылык сапарга барууну пландагандар үчүн медициналык шарттарды жана көрсөтмөлөрдү берди. Бул туурасында Муфтияттын маалымдаштты.
Сауд Араб Падышалыгынын Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүдөй оорулар ажылардын минималдуу физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карама-каршы келерин тизмектеген:
- гемодиализ алып жаткан бейтаптар;
 - минималдуу кыймыл-аракетке тоскоол кылуучу жүрөк ооруулары;
 - кычкылтек маскасын мезгил-мезгили менен же туруктуу колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорулары;
 - боордун прогрессивдүү цирроз оорусу менен ооруган бейтаптар;
 - аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык оорулар, ошондой эле өз алдынча кыймыл-аракет жасоого (отурууга, турууга, басууга) тоскол болгон таяныч-кыймыл аппаратынын оор оорулары;
 - кем акылдуулук менен коштолгон карылык курагы;
 - жугуштуу инфекциялык оорулар (кургак учугу ж.б.у.с. оорулар);
 - химиотерапия алып жаткан залалдуу шишик дарты менен күрөшкөн бейтаптар.
 
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://social.kaktus.media/17458                                    
                                
                            