Италиялык адистер КМТУга шериктештикти бекемдөө максатында расмий сапар менен келишти
RU

Италиялык адистер КМТУга шериктештикти бекемдөө максатында расмий сапар менен келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 30-октябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Италиянын жогорку окуу жайларынын өкүлчүлүк делегациясы расмий иш сапары менен келишти. Алардын катарын консул Антонио Кастиелло, көрүнүктүү профессорлор жана алдыңкы эксперттери толуктады. Архитектуранын профессору Флавия Фашиа, укук профессору Дженнаро Данези, профессор Паскуале Галлифуоко, инженер Ла Мантиа Франческо Мария жана Фредерико II атындагы атактуу Неаполь университетинин сыйлуу адистери конокто болду.

КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев менен буга чейин кол коюлган билим берүү стандарттарын бекемдөөгө жана кесиптик тажрыйба алмашууга багытталган Кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун негизги багыттары талкууланды. Приоритеттүү багыттар - биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, окутуучулар менен студенттерди алмашуу программалары, ошондой эле архитектура тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болду. Бул өңдүү кызматташуу КМТУ үчүн маанилүү окуяга айланды. Анткени айтылуу аракеттер окуу жайдын билимдин жана инновациянын эл аралык борбору катары статусун баса белгиледи.

Ошондой эле, делегация Кампус 2де болуп, Архитектура жана дизайн институтунун жетекчилиги менен жолугушту. Италиялык делегациянын өкүлдөрү КМТУнун студенттеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгынын баса белгилеп, келечектеги архитекторлордун чыгармачылык жана кесиптик дараметине суктануусун билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн, эл аралык стажировкаларды жана студенттердин билим алуу жана карьералык келечегин олуттуу түрдө кеңейте турган илимий долбоорлорду кеңири талкуулашты.

Иш сапар студенттик долбоорлордун көргөзмөсү менен соңуна чыкты. Анда делегация студенттердин архитектура жана дизайн тармагындагы алдыңкы жетишкендиктерин көрө алышты. Италиялык коноктор көргөзмөнүн уюштурулушун жана КМТУнун жаш адистеринин чыгармачылыгын жогору баалап, студенттердин эмгектери эл аралык стандарттарга жооп берерин жана университеттин новатордук духун чагылдырарын белгилешти.

Фредерико II атындагы Неаполь университети менен кызматташуу студенттер менен окутуучулар үчүн кесиптик өсүү жана тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачып, КМТУнун эл аралык өнүгүүсүндөгү жаңы этап болот. Европанын алдыңкы университеттери менен биргелешкен долбоорлорду жана академиялык программаларды ишке ашыруу КМТУнун Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайларынын лидерлеринин бири катары позициясын бекемдейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://social.kaktus.media/17791