"Орел и решка" телепрограммасы кайрадан Кыргызстанга келет
2474
КМШ чөлкөмүндө чоң популярдуулукка ээ болгон телекөрсөтүү "Орел и решка" кайрадан Кыргызстанга келет. Бул тууралуу уюштуруучулардын социалдык баракчасына жазылган.
Бул ирет "Орел и решканын" командасы Ош шаарына сапар тартат. Белгилүү болгондой программа 4-июлдан 11-июлга чейин тартуу иштерин жүргүзөт.
Учурда уюштуруучулар программаны тартууга көмөктөшө турган жергиликтүу тургундарды издеп жатышат.
Эске салсак, буга чейин программа 2013-жылы Бишкекке келип кеткен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/1959