Доктур: COVID-19 менен ооруган балдар көбөйдү
2696
Тилекке каршы, балдар да коронавирус инфекциясын жугузуп алып жатышат. Алар чоңдорго салыштырмалуу ооруну жеңил көтөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда, брифинг учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова айтып берди.
Анын айтымында, "балдар арасында сомптому жок же инфекциянын билинер-билинбес формасы менен ооругандар" бар. Айрым балдарда инфекциянын козгогучу болот, өздөрү оорубаганы менен чоңдорго жугуза беришет.
Былтыр дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен жалпы ооругандардын ичинен 08-2%ын балдар түзсө, быйыл алардын саны 11-14%га жетти.
Маймерова балар арасындагы коронавирусту алдын алуу чараларын санап өттү:
- Чектөө коюлуп турган мезгилде балдардын башкалар менен контакт болуусун максималдуу түрдө азайткыла.
- Колдон келсе үйдө эле болгула.
- Бөлмөнү ар дайым желдетип туруу керек.
- Күнүнө бир маал ным чүпөрөк менен чаңдарды, полду түрүп тургула.
- Дезинфекциялык каражат колдонгула.
- Көңул ачуучу борборлорго, соода жайларга, жана киши көп чогулган жерлерге баруудан баш тарткыла.
- Балдарыңарга кир кол менен бетти, мурунду, оозду, көздөрдү кармаган, ушалаган болбойт деп түшүндүргүлө.
- Сырттан кирип келгенде ар дайым колду жууп турууну адатка айландыргыла.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/2557