Келерки аптадан баштап жарандар мамлекеттик ипотеканы 4 (!)% менен ала алышат.
2828
Кыргызстанда "Менин үйүм-2021-2026" программасы 16-сентябрдан тарта ишке киргизилет.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматы боюнча, ипотекалык насыялар төмөнкү багыттар боюнча берилет:
1. Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн "Артыкчылык ипотекасы" - "Даяр турак жайды сатып алуу" продукциялары;
- пайыздык ченем - жылдык 4%;
- баштапкы төлөм - 10%дан (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө берилиши мүмкүн);
- кредиттин мөөнөтү - 15 жылдан 25 жылга чейин (төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 4 миллион сомго чейин;
"Жеке турак жай курулушу" продукциясы;
- жылдык курулуш мөөнөтү үчүн 8 пайыз жана жылдык курулуш аяктагандан кийинкиге 4 пайыздык чен;
- баштапкы төлөм - 20%дан башталат;
- кредитти төлөө мөөнөтү - 15 жылдан 25 жылга чейин ( төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 4 миллион сомго чейин.
2. "Жеткиликтүү ипотека" бардык жарандар үчүн (Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет) - "Даяр турак жайды сатып алуу" продукциялары:
- жылдык пайыздык ченем - 8%;
- баштапкы төлөм 20% (алгачкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
- кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.
"Жеке турак жай курулушу" продукциясы
- жылдык курулуш мөөнөтү үчүн 12% жана жылдык курулуш аяктагандан кийин 8% пайыздык ченем;
- баштапкы төлөм 20%дан башталат;
- кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.
Сатып алынган турак жайга эки багыт боюнча талаптар
- көп кабаттуу үйдөгү батирлер үчүн - жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш;
- жеке турак жай имараттары үчүн - жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш;
- турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 миң сомдон ашпашы керек.
Мамлекеттик ипотека компаниясы жеткиликтүү өнөктөш банктар боюнча маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/3438