Жазгы каникул качан башталат? График
5143
Эсиңерде болсо, быйылкы, 2021-2022-окуу жылы бир аз кечирээк, тагыраак айтканда 15-сентябрда башталган. Ошого байланыштуу окуу графиги жана каникулдар жылган.
Kaktus.kg мектептин окуу графигин эске салууну чечти:
- биринчи чейрек - 15-сентябрдан тартып 5-ноябрга чейин. Каникул 8-ноябрдан тартып 14-ноябрга чейин;
- экинчи чейрек - 15-ноябрдан тартып 30-декабрга чейин. Каникул 31-декабрдан тартып 11-январга чейин;
- үчүнчү чейрек - 12-январдан тартып 18-мартка чейин. Каникул 21-марттан 30-мартка чейин;
- төртүнчү чейрек - 31-марттан тартып 8-июнга чейин.
Акыркы коңгуроо 9-июнда болот. Аттестаттар жана окугандыгы тууралуу күбөлүктөр 6-8 июлда тапшырылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/5761