Ноокатта сел көпүрөнү алып кетти
3363
Оштун Ноокат районунда 6-май күнү кечке жуук сел Дөдөн-Абшыр-Ата унаа жолунун 47-чакырымында жайгашкан көпөрөнүн бир жээгин жеп, 50-чакырымында жайгашкан көпөрөнү алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Учурда жеринде бекемдөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө бир манипулятор, жергиликтүү айыл өкмөттөн экскаватор тартылып, унаа жолдун 47-чакырымда жайгашкан көпүрөнүн желип кеткен жерине кум-шагыл төгүп, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/6590