Дастан Бекешев ичүүчү суунун баасын көтөрүүнү сунуштады
RU

Дастан Бекешев ичүүчү суунун баасын көтөрүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев ичүүчү суунун тарифин көтөрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды.

Анын айтымында, "Бишкексууканал" ЖККсына быйыл экинчи жолу барган. Муниципалдык ишканада көптөгөн көйгөйлөр бар:

  • түтүктөрдүн эскириши - 70%;
  • суу жоготуу - 30%;
  • кызматкерлердин эмгек акысынын жоктугу;
  • заманбап эсептөө приборлорунун жоктугу.

"Команда менен биргеликте көйгөйлөрдү жана бул абалдан чыгуунун жолдорун сүйлөштүк. Менин бул сунушумду колдоборуңуздарды билем, бирок ичүүчү суунун тарифин көтөрүү керек. Тоннасы 8 сом болгону өтө эле аз", - деп белгиледи Бекешев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://social.kaktus.media/6899