Мигранттар Кыргызстанга аз акча жөнөтө баштады
3378
Улуттук банкы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга которулган акчалардын көлөмү тууралуу статистикалык маалымат берди. Салт боюнча алдыда Россиядан түшкөн акча которуулар турат.
2022-жылдын башынан бери Кыргызстанга 757,34 миллион доллар, 2022-жылдын март айында 153,4 миллион доллар келип түшкөн. Бул болсо 2021-жылга салыштырмалуу 60,9 миллионго аз.
Акча которуулардын эң көп көлөмү Россиядан болгон – 139,6 миллион доллар. Өткөн жылдын март айында 209 миллион доллар келип түшкөн эле.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/7006