"Үч жыл толду". Атамбаевдин тарапташтары митингге чыгышты. Видео
2268
Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланат. Кой-Таш окуясына үч жыл толду жана анда ондогон адамдар айыпталып жатат. Алардын арасында Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев да бар.
Сот имаратынын алдына жүзгө жакын адам чогулду. Милиция кызматкерлери тарапкерлерге соттун имаратына плакаттарды жана желектерди алып кирүүгө тыюу салып жатат. Ага карабай митингчилер тосмону ашып плакаттарды ыргытууну башташкан.
Милиция соттун буйругуна жана көрсөтмөсүнө таянып, ага тыюу салууга аракет кылышкан. Бирок полиция чогулгандарды токтото алган жок.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/7809