Жамгыр жаап, карга айланат. Кыргызгидрометтин эскертүүсү
2963
Кыргызстанда 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектериндеги райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу болот.
- Чүй, Талас өрөөндөрүндө 11...16°;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16...21° чейин;
- Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык зонасында 9...14°,
- тоолуу райондордо 1...6°,
- бийик тоолуу аймакутарда -1...+4° суук болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1...3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жашылча-жемиш өсүмдүктөрүнө, казылган жана ачылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/8659