Баткенге жардам. Атайын эсепке 311 миллион сомдон ашык каражат түштү
2100
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен калкын колдоо үчүн атайын эсепке 311 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан түштү.
Жалпысынан 3681 транзакция жасалып, 311 миллион 927 миң 920 сомду түздү. Атайын эсептеги акча азырынча таратыла элек. Каражат президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жумшалат.
Акчаны атайын эсептерге жана Кызыл Жарым Ай коомуна да которууга болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://social.kaktus.media/8719