Тергөөчү, жактоочу жана аудитор кылмыш ишин токтотуу үчүн пара талап кылышкан
RU

Тергөөчү, жактоочу жана аудитор кылмыш ишин токтотуу үчүн пара талап кылышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен прокуратуранын кызматкери, адвокатты жана жеке аудиторду кармады. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, алар кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап акча талап кылышкан.

Бүгүн, 14-декабрда 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды. Алар алдын ала сүйлөшүп алышып, Б.К.С. аттуу жаранга карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://social.kaktus.media/9608